Муфтият 150дөй "инкарчы" ишениминен баш тартканын билдирди
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы 150 адам - “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү ишениминен баш тартышканын билдирди. Алардын ичинде аталган агымдын лидери да бар экени айтылып, бирок тек-жайы ачыкталган жок.
Агымдын мурдагы активдүү өкүлүнүн төмөндөгү сөзүн муфтият цитата келтирген:
"Биз муфтияттан корккондуктан эмес, үммөттүн биримдиги, Кыргызстан мусулмандарынын тынчтыгы үчүн «инкар» жолунан баш тарттык. Мындан ары жаран катары мамлекетибиздин мыйзамдарына жана мусулман катары муфтияттын фатваларына баш иебиз.