Бакай-Ата районунун акими токой аянттарын мыйзамсыз иштетүүгө байланыштуу кармалды
Талас облусунун Бакай-Ата районун акими А.Б.М. жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматынын “Талас” токой чарбасынын директору А.Н.Ж. жана башка кызмат адамдары мыйзам талаптарын системалуу түрдө одоно бузуу фактыларына шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган кызмат адамдары 2022-2023-жылдар аралыгында алдын ала сүйлөшүп алып Таласка баруучу борбордук кире бериш жолунун боюнда...