Бишкек: Анар-Бакка мыйзамсыз үйлөрдү бузуучу техника барды, тургундар каршылык билдирүүдө
23-январда Бишкектин Октябрь районундагы Анар-Бак конушунда үйлөрү бузулары айтылган эл топтолду, алар бийликтин аракетине каршылык билдирүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден кабарлады.
22-январдын кечинде конуштун айрым тургундары №406 муниципалдык аймактык башкармалыктан эскертүү алышкан. Анда мындагы 6 үйдүн ээси бир күндүн ичинде үйлөрү турган жер тилкесин бошотушу керектиги айтылган. Кагаз жүзүндө берилген билдирүүдө бул үйлөрдүн курулушу мыйзамсыз экени белгиленген....