Бишкек: Үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды, балдары таятасынын кароосуна берилди
Бишкектин Биринчи май райондук милициясына үй-бүлөлүк зомбулукка даттанып райондун тургуну кайрылган. 22-январь күнү ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери күйөөсүнүн зомбулугуна даттанган аялдын жашаган жерге барып, коргоо ордерин тапшырды.
Милициянын маалыматына караганда, аял күйөөсү ичип алып, күч колдонорун, психологиялык басымга аларын айтып арызданган. Коңшулары да үй ээси мас болуп алып, ызы-чуу саларына даттанышкан. Шектүү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Маалыматта милиция кызматкерлери үй-бүлөнүн жашоо шарты начар экенине...