Кытайлык компания Кыргызстанда жаңы типтеги турак жай комплекстерин курат
Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Кытайдын "Цзюйхен кыймылсыз мүлк" компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Тараптардын жолугушуусу 21-январда өткөнү тууралуу маалымат агенттиктин сайтына жарыяланды.
Жыйынтыгында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, кытайлык компания Кыргызстанда бизнес-борборлорду, турак жай жана соода борборлорун камтыган көп функциялуу комплекс...