АКШ Өзбекстандын 44 жаранын депортациялады
21-январдын кечинде АКШдан депортацияланган өзбекстандык 44 киши Ташкентке чартердик учак менен жеткирилди. Маалыматка караганда, алар Кошмо Штаттарда мыйзамсыз жүргөн.
Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов жарандарды мекенине «коопсуз жана өз убагында жеткирүү үчүн» америкалык тиешелүү мекемелер менен биргелешип рейс уюштурулганын маалымдады. Анын айтымында, эки өлкө чет мамлекеттердеги өзбек жарандарынын укуктарын коргоо жана аларды мекенине кайтаруу маселесинде кызматташтыкты улантууда.