Бишкекте энесин сабаган деген шек менен 48 жаштагы жаран кармалды
Бишкек шаарынын 68 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, уулу дайыма сабап келгенин айтып даттанды. Анын сөзүнө караганда, 48 жаштагы уулу ичип алып, кол көтөрүп жүргөн.
Милиция жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындап, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен кылмыш ишин козгогон.
Жабырлануучунун уулу Ш. А. кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.
Жаран энесине кол көтөрүп же аны өлтүрүүгө аракеттенген деген шек менен кармалган...