Бишкек мэриясынын кызматкери 1 миллион сом пара талап кылгандыгы үчүн кармалды
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын кызматкери 1 миллион сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жасалма тоскоолдуктарды түзүү жана бүткөрүлгөн иштер үчүн каражаттарды которууну кечеңдетүү аркылуу жалпы тендердик...