Бишкекте жана Чүйдө 14 мектеп курулат
Бишкекте жана Чүйдө 14 жаңы мектеп курулат. Бул мектептердин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Маалыматты курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Имаканакун уулу 22-январда Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын сөзүнө караганда Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда 1000, Биримдик Кут жаңы конушунда 750, Алтын Ордо - 750, Новопавлока айылында -750, Орто-Сай айылында 750, Улан кичирайонунда 750, Келечек жаңы конушунда 360, Маевка айылында 275 орундуу мектеп курулат.