Депутат Кыргызстанда үй-бүлө курган казакстандыктар үйүнө кайта албай жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда жүрүүнү жаңылоо үчүн чек арадан “кирди-чыкты” чарасы (визаран) жоюлгандан улам Кыргызстанга Кыргызстанда үй-бүлө курган казакстандыктар үйүнө кайта албай жатканын айтты. Бул тууралуу ал 22-январда парламент жыйынында айтты.
“Азыр Казакстандан Кыргызстанга көпчүлүк казак жарандары кире албай калышты. Биз 2023-2024-жылдан баштап “визаран” деген мыйзамды жоюп салганбыз. Азыр үй-бүлөлөр ажырап калууда. Мисалы, кыргызстандык жарандын аялы Казакстандын жарандыгы болсо...