Өзгөндө 1,5 айлык ымыркай кыймадан кийин чарчап калганы кабарланды
Өзгөн райондук ооруканасында 1,5 айлык ымыркай чарчап калганы боюнча ишти райондук милиция иликтөөгө алды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер бөлүмү (ОИИБ) маалымдады.
Ага ылайык, 21-январь күнү Өзгөн райондук милициясына аймактык ооруканадан 2025-жылы 11-ноябрда туулган ымыркай кан аздыгынан улам чарчап калганын маалымдашкан. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө күбөлөр суралган.
"Ымыркайдын өлүмүнүн келип чыгуусун аныктоо максатында тийиштүү экспертиза дайындалды.