Окумуштуу жана адабият таануучу Омор Сооронов дүйнөдөн кайтты
20-январда 86 жаш курагында ири окумуштуу, адабият таануучу, сынчы, акын Омор Сооронов (О. Соорон-Сопу) дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 21-январда Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту кабарлап, анын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.
Омор Сооронов Базар-Коргон районунун Гөлөгөн айылында туулган. Эмгек жолун 1958-жылы Базар-Коргон басмаканасында арип терүүчү болуп иштөө менен баштаган. 1959-1962-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, 1967-жылы Жалал-Абаддагы...