Садыр Жапаров тигүүчүлөрдүн көйгөйлөрүн угуп, өкмөткө аны чечүүнү тапшырды
21-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.
Иш-чарага өлкөнүн тигүү тармагынын, маркетплейстердин, логистикалык компаниялардын, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Жолугушууда тармакты өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлүү маселелери айтылып, аларды чечүү боюнча сунуштар берилип, талкуу жүрдү. Мамлекет башчы жеңил өнөр жайы...