Трамптын учагы техникалык себептен улам базага кайтууга мажбур болгону кабарланды
АКШ президенти Дональд Трамптын учагы "электр жабдууларындагы майда маселелерден" улам Эндрюс базасына кайтууга мажбур болду. АКШ президенти Швейцарияга, Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн бара жаткан.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт экипаж жерден көтөрүлгөндөн көп өтпөй "этияттык үчүн" базага кайтууну чечкенин билдирди. Учакта бир нече жарык берүүчү прибор иштебей калган. Эми президент Трамп Швейцарияга башка учак менен барат.
Трамп жана анын кабинет мүчөлөрү Давосто европалык лидерлер менен жолугушууну пландоодо.