Майыптыгы барлардын жана аларды караган ассистенттердин акчасын көбөйтүү маселеси коюлду
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын жөлөк пулун жана аларды караган жеке ассистенттердин айлык маянасын көбөйтүү тууралуу маселе Жогорку Кеңештин 21-январдагы отурумунда көтөрүлдү.
Депутат Марлен Маматалиев ушул тапта майыптыгы бар адамдар алып жаткан жөлөк пул жана аларды караган жеке ассистенттердин айлык акысы аз экенин белгиледи.
"Майыптыгы бар адамдарды караган жеке ассистенттин айлыгы 7 миң сом. Бул акча бүгүн эчтекеге жетпейт. Эгер туугандары көп болсо го жакшы, бирок майыптыгы бар баласын же башкасын карап отурган жалгыз адам болсо...