Барселонага жакын жерде поезд кырсыктап, бир адам көз жумду
Испаниянын Каталония аймагында 20-январдын кечинде жүргүнчү ташыган поезд кырсыктап, бир адам (машинист) каза болду. Дагы 37 киши жаракат алганын El País басылмасы жазды.
Кырсык Сант-Садурни-д’Анойя жана Желида станцияларынын ортосунда, Барселонадан 50 чакырым аралыкта болгон. Басылманын маалыматына ылайык, поезд рельстерге кулап түшкөн таяныч дубалга урунган. Кырсык тууралуу алгачкы маалымат чукул жардам кызматына саат 21:02де түщкөн.
Жаракат алгандардын ичинен беш адамдын абалы оор, алты киши орто оор абалда, 26 адам жеңил жаракат алышкан.