Министр окуучуну чапкан мугалим балдарга дайыма кол көтөрүп жүргөнүн айтты
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында окуучуну чаап жибергени ачыкка чыгып, текшерүүдөн соң иштен алынган мугалим балдарга дайыма кол көтөрүп жүргөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 21-январда Өзгөндөгү мектептин спорт комплексинин ачылышында сүйлөп жатып айтты.
Министр бул окуя башка мугалимдерге да сабак болушу керектигин белгилеп, мындай аракеттерге таптакыр жол берилбестигин кошумчалады:
“Ал мугалим системалуу түрдө балага кол көтөрүп келген экен. Буга чейин да болгон окуялары бар экен.