Орунтаев Курулуш министрлигиндеги 500 миң сомго жеткен маяна жөнүндө түшүндүрмө берди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Курулуш министрлигинин кызматкерлеринин маянасы жөнүндө өзү айткан сөзгө түшүндүрмө берип, акы 500 миң сомго чейин жеткен себебине түшүндүрмө берди.
Орунтаев “Ала-Тоо 24” телеканалына 31-декабрда чыккан интервьюсунда Курулуш министрлигинин департаменттеринде иштеген кызматкерлердин маянасы орточо 150-160 миң сомго жеткирилгенин, айрымдары 200 миң сомго чейин аларын билдирген. Мунун кыскача үзүндүсү социалдык түйүндөрдө өзүнчө тараган соң коомчулукта талкуу чыккан.