Өкмөттүн кодекстерди жылына бир жолу гана өзгөртүү сунушу сынга алынды
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 20-январдагы жыйынында “Кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгилдүүлүк маселелери жөнүндө” мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды.
Документти Министрлер кабинети демилгелеп, Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Анда кодекстерге жылына бир жолу гана өзгөртүү киргизүүнү сунушталууда.
Жыйында баяндама жасаган юстиция министри Аяз Баетов аталган актылар өтө көп өзгөрүлгөндөн улам чаташ жаратып жатканын белгиледи...