"Ислам мамлекети" террордук уюму Кабулдагы жардыруу үчүн жоопкерчилик алды
“Ислам мамлекети” террордук уюмунун чөлкөмдөгү канаты (“Ислам мамлекети-Хорасан”) Кабулдагы кытай ресторанында болгон жардырууну ишке ашырганын мойнуна алды. 19-январдагы кол салуудан бери дегенде 7 киши набыт болгон, ондогону жараат алган.
“Талибан” кыймылынын басма сөз өкүлү Халид Задран билдиргендей, жардыруу кытайлык жарандар көп барган ресторандын ашканасында болгон.
Ал Кытайдын мусулман жараны жана алты оогандык киши каза тапканын тактады.
Кабулдун тез жардам ооруканасы аларга 20 чакты киши түрдүү жаракаттар менен түшкөнүн...