Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты (U-20) өтүүдө, Кыргызстан курамасы алдыда
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) Бишкекте өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта катары менен экинчи жеңишине жетишти. Бул тууралуу Хоккей федерациясы маалымдады.
Үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнир ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жатат.
19-январда “Nomad Arena” муз аянтчасында экинчи турдун беттештери өтүп, кыргызстандык хоккейчилер Түштүк Африка Республикасынан (ТАР) келген курама команда менен ойноду. Атаандашын жеңип, дагы 3 упайга ээ болду. Буга...