2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык жол кырсыгы катталды
2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) жыл жыйынтыктоочу жыйынында маалым болду.
Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан, жол тилкесинде туура эмес манёвр жасагандыктан, каршы тилкеге чыгып озуп кеткендиктен, транспорт каражатын мас абалында айдагандыктан, жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүктөн, жол белгилерине баш ийбегендиктен, аралыкты сактабагандыктан келип чыккан.