Электрондук аскердик каттоо киргизилип, аскердик билеттер санариптештирилет
Кыргызстандын Коргоо министрлигин санариптештирүүнүн биринчи этабынын алкагында документ жүгүртүү, жарандык кадрларды эсепке алуу онлайн жүргүзүү ишке ашырылып, аскердик каттоо процесстери иретке келтирилди. Бул тууралуу 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине жаңы автотранспорт каражаттарын тапшыруу аземинде билдирди.
Аскердик каттоонун электрондук системасы беш аскер комиссариатында пилоттук түрдө ишке киргизилди. Март айына чейин ал кошумча 25 аскер комиссариатына жайылтылат.