Токаев Казакстан бир палаталуу парламентке өтөрүн жарыялады
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-январда өлкө бир палаталуу парламентке өтөрүн жарыялады.
Ал жаңы парламенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жыл деп белгилөөнү, комитеттердин санын сегизге кыскартууну сунуштады. Депутаттар пропорционалдык система же партиялык тизме менен шайланат. Аймактарда мажоритардык система калат.
Мындан тышкары Казакстан элинин ассамблеясынын квоталары алынууда.
Бир палаталуу жаңы парламентти президент «Курултай» деп атоону сунуш кылды. Ал 145 депутаттан турары айтылды.