Атактуу италиялык модельер Валентино 93 жашында көз жумду
Атактуу италиялык мода дизайнери Валентино Гаравани 93 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү анын фонду маалымдады.
Маалыматка ылайык, Валентино Гаравани Рим шаарындагы резиденциясында, жакындарынын алдында көз жумган. Ал дүйнө жүзүнө өзүнүн аты — Валентино деген ысым менен таанымал болгон.
Reuters агенттиги белгилегендей, атактуу бренддин негиздөөчүсү катары Валентино ири бизнес-империя курган жана мода дүйнөсүнө "Валентино кызылы" деп аталган өзгөчө түстү алып келген.
Валентино 2008-жылы пенсияга чыккан.