Сириянын өкмөттүк армиясы күрт күчтөрүн өлкө түндүгүнөн сүрүп чыкты
Сириянын өкмөттүк аскерлери өлкө түндүгүндөгү күрт күчтөрүн сүрүп чыгарганын бир катар медиа кабарлады. Маалымат боюнча жекшембиде бир нече күнгө уланган кармаштан кийин күрттөрдүн куралдуу кошууну - Сириянын демократиялык күчтөрү 10 жылдан бери көзөмөлдөп келген провинциялардан, анын ичинде газ кендеринен чегинүүгө макул болду.
Сириянын армиясы Алеппо жана Дейр-эл-Зор аймактарынын ири бөлүктөрүн, Евфрат дарыясындагы эки ГЭСти ээлегени маалымдалды.
Өкмөттүк күчтөр бир кездери «Ислам мамлекети” террордук...