Токаев Трамптын «Тынчтык кеңешине» кирүү сунушун кабыл алганы кабарланды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамптын «Тынчтык кеңешине» кирүү сунушун кабыл алганын расмий Астанага шилтеме менен "Рейтер" агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Токаев Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жана глобалдык стабилдүүлүктү бекемдөө аракеттерине салым кошууга даярдыгын айтып, америкалык президентке чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
"Рейтер" тактагандай, «Тынчтык кеңешин» Трамп түбөлүк жетектейт деп күтүлүүдө. Алгачкы маселе катары Газа тилкесиндеги жаңжал каралмакчы...