Айтматов атындагы мекемелер жазуучунун чыгармачылыгын коргоочу мыйзам иштеп чыгууну сунушташты
Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институту, Айтматовдук эл аралык коомдук академия, “Айтматов” эл аралык клубу, “Айтматов” эл аралык фонду Жогорку Кеңештин депутаттарына, Мамлекеттик катчыга, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине кайрылуу жолдоп, жазуучунун чыгармачылыгын коргоочу мыйзам иштеп чыгууну сунушташты.
Анда мурдараак “Манас” эпосун бурмалагандар көбөйүп, кийин коомчулуктан сокку жеген соң тынчып калганын, эми Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго...