Кыргызстанда 150 миңдей жарандын жеке идентификация номери ката берилген
Кыргызстанда 150 миңдей адамга жеке идентификациялык номери (ПИН) каталар менен берилген. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Эрнест Досалиев 19-январда Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, мында жарандардын күнөөсү болгон эмес.
Депутат Гүлшаркан Култаева андай катачылыктарды оңдоп, жаңылоодо жеке идентификациялык номери алмаштырылган жарандар пенсия...