БШКнын төрагасы Шайназаров Жолдошованын айыптоолоруна жооп берди
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров экс-депутат, соңку парламенттик шайлоодо талапкер болгон саясатчы Жылдызкан Жолдошованын айыптоолоруна жооп берди.
Жолдошова 15-январда президентке жана атайын кызматтын төрагасына кайрылуу жолдоп, "Шайназаров мурда баңгизатты сатууга шектелип кармалып, кийин бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен бошоп кеткенин, ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясын жетектөөгө моралдык укугу жок экенин" билдирген. Ал парламенттик шайлоодо №8 округдан аялдардан алдыга чыкканына карабай...