Орусиядан 100дөн ашуун тажикстандык мигрант депортацияланды
Орусияда акыркы үч күндө 100дөн ашуун тажикстандык мигрант кармалып, эч кандай түшүндүрмөсүз өлкөдөн чыгарылганы маалым болду.
Маалыматка ылайык, алар 15-январда Москвадагы аэропорттордо үч күн кармалып, кийин Тажикстанга жөнөтүлгөн. Мигранттардын айтымында, алар начар шартта кармалган. Айрымдары жүгүн албай эле башка аэропортторго көчүрүлгөн.
Тажикстандын расмий өкүлдөрү 46 адам Кожент шаарына, ал эми 90 адам Дүйшөмбүгө жеткирилгенин тастыкташты. Мигранттар катаал мамилеге кабылганын, уюлдук телефондору...