2025-жылы Кыргызстандын экономикасы 11,1% өсүп, ички дүң продукт 1,9 трлн сомду түздү
Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебине ылайык, 2025-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 11,1 %га жогорулады. Бул тууралуу мекеменин 19-январда тараткан маалыматында айтылат.
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактарынын жана продукттарга болгон таза салыктардын эсебинен камсыз кылынды.
Дүң продуктунун түзүмүндөгү эң чоң үлүш (51% ашык) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди. 34,4 % товар өндүрүү, калганы башка тармактар.