Бишкектеги ыш: БУУнун жабдыгы индекс өтө кооптуу чекке же 748ге жеткенин көрсөтүүдө
Дүйнө жүзүндөгү абанын сапатын изилдеген World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек ыш, түтүндөн улам абасы эң кир шаарлардын сап башына чыкты. Бул 19-январь, эртең мененки саат 10.00дөгү маалымат.
Абанын сапатын көрсөткөн жабдуулар Бишкектин ар кайсы районунда ар түрдүү көрсөткүчтү көрсөтүп жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин тегерегиндеги же башкалаанын чок ортосундагы жабдыктар азыр индексти (AQI) 748 деп көрсөтүүдө. Бул аба саламаттыкка өтө кооптуу дегенди түшүндүрөт. Калаанын борборундагы башка бөлүктөрүндө индекс 222...