Эмгек министрлиги Кыргызстанда 5,5 миң бош жумуш орду бар экенин маалымдады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул тапта Кыргызстанда 5 547 бош жумуш орду бар экенин билдирди. Бул тууралуу маалыматты мекеме 19-январда жарыялады.
Кесиптер боюнча 1296 иш орду бар. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектептердин тарбиячылары – 350, медициналык кызматкерлер (дарыгерлер, медайымдар, фармацевттер, санитарлар) – 320, кассирлер – 151, сатуу агенттери – 63, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер – 36, менеджерлер – 95, бухгалтерлер – 150...