Трамп Гренландиядан улам Европадагы бир катар өлкөлөргө кошумча бажы төлөм киргизди
АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарына товар жөнөткөн бир катар мамлекеттерге 1-февралдан тартып кошумча бажы төлөм киргизилгенин билдирди. Ал мындай чара Вашингтон “Гренландияны толугу менен биротоло алуу тууралуу келишимге” жетмейинче уланарын айтты.
Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Нидерланддар, Финляндия жана Британия өңдүү мамлекеттердин АКШга экспортогон бардык товарларына 10% кошумча төлөм киргизилерин жазды. Ошондой эле ушул...