Кыргыз жарандарын Түркияда акысыз дарылатуу иши жанданат
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушуп, тараптар кыргыз жарандарын Түркияга дарыланууга жөнөтүү боюнча иштерди жандандырууну макулдашты.
Расмий маалыматка караганда, жыл сайын бериле турган 150 акысыз квотанын 100үн Түркиянын элчилиги, калган 50 квота менен кимдер барарын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт.
Андан тышкары Бишкектеги Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк ооруканасында органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоо...