Мыйзамсыз алынып келген машинелерди каттоо мүмкүнчүлүгү берилбейт
Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча кайра дагы бир жолу кампания өткөрүлбөй турганын билдирди.
Министрлик мындай машинелер убагында Кыргызстанга бажылык декларациялоо жол-жоболорун жүргүзбөй жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажылык жөнгө салуу мыйзамдарына ылайык бажы төлөмүн төкпөй мыйзамсыз киргизилгенин кабарлады.
Мекеме өлкөгө автоунааны ташып келүүдө бир машинеге орточо 1 800 доллар бажы төлөмү алынып...