Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик сыйлыкка сынак жарыяланды
Журналисттик иликтөөлөр фонду Кыргызстанда 2025-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы VIII сыйлыкка сынак жарыяланганын кабарлады.
Сынакка журналисттик иликтөө менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынат.
Анда журналисттик иликтөөнүн актуалдуулугу жана теманын масштабы, автордук ыкма жана стили, теманы толук ачып берүү...