Рамзан Кадыровдун уулу жол кырсыгына кабылганы кабарланды
Чеченстандын башчысынын уулу Адам Кадыров жол кырсыгына кабылып, Москвага жеткирилгенин бир катар маалымат булактары кабарлашты. Кырсык борбор калаа Грозныйда 16-январда болгону, республика башчысы Рамзан Кадыровдун уулунан башка да бир нече киши жараат алганы, алар кортеж болуп өтө катуу ылдамдыкта баратып, 18 жаштагы Адам айдаган унаа тосмону сүзгөнү маалымдалды.
Соңку кабарларда айтылгандай, ооруканага эс-учун жоготкон, оор абалда түшкөн Адам Кадыров эсине келди, дарыгерлер анын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип жатышат.