Той-топур үчүн насыя алууга тыюу салуу сунушталды
Министрлер кабинети үй-бүлөлүк салтанаттарды уюштуруу, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын жана эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча токтом долбоорун сунуштады.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан документке ылайык, үйлөнүү тою, үй-бүлөлүк ар кандай салтанаттар адамдардын чама-чаркына жараша уюштурулуп, ал үчүн карыз же насыя алууга тыюу салуу сунушталууда. Үйлөнүү тоюна 200 адамдан ашпаган, эгер чоң той болсо 350дөн көп эмес адам чакыруу каралган.