Мамлекеттик басма сөз каражаттары бириктирилди
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жүргүзүлүп жаткан реформага ылайык, бир катар мамлекеттик маалымат каражаттары бир басма сөз үйүнө киргизилди.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин маалыматына караганда, "Кырчын" жана "Жеткинчек" журналдары жоюлду.
Ал эми мурда өз-өзүнчө иш алып барган "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттери, "Байчечекей" балдар журналы жана жаңы түзүлгөн "Ала Тоо" адабий журналы бир басма сөз үйүнө киргизилди. Мындан ары бир гана басма үйү...