Орусиядан кармалып келген Турду Акматалиев абакта жазасын өтөп чыкты
Орусиянын Красноярск шаарында кармалып, Кыргызстанда соттолгон Фейсбук колдонуучусу Турду Акматалиев абакта жазасын өтөп бүтүп, 2026-жылдын 3-январында эркиндикке чыкты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү билдирди.
Анын сөзүнө караганда, 2024-жылы октябрь айында Красноярск шаарынан кармалып келгенден кийин Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. 2025-жылдын 12-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен 3 жыл 2 айга абакка кесилген. 2025-жылдын август айында №27 жатак абакка которулуп, жазасын өтөп чыккан.