HRW казак бийлигин Кытайга каршы акцияга чыккандарды сот жообуна тартпоого үндөдү
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин «Нагыз Атажурт» уюмунун 18 активистин куугунтуктабоого чакырды. Алар Кытайдын желегин жана ал өлкөнүн жетекчиси Си Цзинпиндин сүрөтүн өрттөгөнү үчүн кылмыш жообуна тартылууда. HRW алар өз пикирин билдиргени үчүн сот жообуна тартылып жатканын белгиледи.
Окуя былтыр ноябрда Алматы облусунун Уйгур районунда болгон. 13 киши камакка алынган, бешөө үй камагында. Аларга улут аралык кастыкты козуткан деген айып тагылууда. Сот жараяны 21-январда башталмакчы.