Иран аба мейкиндигин жапты, абадан коргонуу күчтөрүн даярдыкка келтирди
Иран өлкөнүн аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн жабылганы тууралуу тиешелүү эл аралык мекемеге расмий эскертти. Маалыматка караганда, атайын уруксаты бар эл аралык каттамдар гана аткарылып турмакчы.
Муну менен катар Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунуна аба күчтөрүн жана абадан коргонуу бөлүктөрүн күжүрмөн даярдыкка келтиргени кабарланды.
Мындай кадамдар Кошмо Штаттардын Ирандагы демонстранттарды ырайымсыз, күч менен басканы үчүн Тегеранга каршы аскердик аракет ыктымалдыгы жогору деген билдирүүлөрүнүн фонунда жасалууда.