Мас айдоочуларга каршы жазаны күчөтүү сунушталды
Мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында биринчи окуудан өттү.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) сунуштап жаткан документке ылайык, ичимдик ичип алып машине айдагандар эки жылга, кийин эки жылдан соң да ушундай эле мыйзам бузуу менен колго түшсө төрт жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча мас айдоочунун айдоочулук күбөлүгү бир жылга алынат.
Спирт ичимдигин ичкен-ичпегенин текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан...