Жаңыл Жусупжандын “Топоз, Уаз жана Биз” аттуу китеби жарык көрдү
Журналист, режиссер Жаңыл Жусупжандын Памирде жашаган кыргыздар тууралуу “Топоз, Уаз жана Биз” аттуу китеби жарык көрдү. Анда Памир тоолорун жердеген Тажикстандын Мургаб районундагы Сары-Кол аймагын жердеген кыргыздардын жашоо-тиричилиги, ой-санаасы жана тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрү баяндалган. Китепте чейрек кылымга жакын убакта топтолгон маалыматтар камтылган.
Китептин бет ачары 21-январь күнү Бишкекте өтөт. Уюштуруучулардын маалымдашынча, китептин бет ачарында жергиликтүү кыргыз кол өнөрчүсүнүн...