МАГАТЭ Борбор Азиядагы уран калдыктарын тазалоо планын 2030-жылга чейин узартат
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу долбоорун 2030-жылга чейин узарткан планды сунуш кылды. Документ XX кылымдын ортосунан бери уран казылган, кайра иштетилген жерлердин экологиялык жана санитардык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.
2017-жылдан берки пландын жаңыланган үчүнчү редакциясы мыйзамдык-нормативдик базаны, техникалык потенциалды чыңдоого жана жерди коопсуз пайдаланууга узак мөөнөттүк мониторинг жүргүзүүгө көңүл бурат.