Маданият министрлиги телеканалдарга кыргыз тили боюнча талапты эскертти
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамдын 8-беренесине ылайык, телерадиоканалдарда мамлекеттик тилдеги жана ата мекендик өндүрүштөгү программалар жана берүүлөр 60 пайыздан кем болбошу керек. Бул тууралуу 15-январда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өлкөдөгү телеканалдар, "Кыргызфильм" жана "Кыргызсериал" мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйында билдирди. Анда телеканалдарды ата мекендик өндүрүштөгү жана кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.