Депутат Талиева мыйзам долбоору боюнча Орунбековдун сынына жооп берди
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбооруна байланыштуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун сынына жооп берди.
Камила Талиева парламенттин 15-январдагы жыйынында “Мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сый акылар тууралуу” мыйзам долбоорун окуп чыкканын кошумчалады.
“Бизге үйрөтүшпөсүн. Биз мыйзамды семичкедей чагып окуйбуз. 21-октябрда коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорлорун окуп, комментарий берсек кетпей турган.