Орусиялык комментаторго казак хоккейчилерин кемсинткени үчүн иш козголушу мүмкүн
Омскидеги «12 канал» телеканалынын комментатору Максим Гречанин Казакстандын хоккей боюнча жаштардын «Астана» клубунун оюнчуларын сөккөнү эфирге чыгып кетти. Ал казакстандыктардын дарегине оозго алгыс, кемсинтүүчү, ыплас сөздөрдү айткан.
Кийинчерээк журналист микрофон күйүп турганын билбегенин, ал сөздөр кокусунан оозунан чыгып кеткенин shaiba.kz басылмасына айтып берди.
«Менин айткандарым матчтын алдында эфирге чыгып кеткен, мындай сөздөр "Астана" клубуна, башка бирөөлөрдүн дарегине айтылбашы керек болчу.